Министр Алымкадыр Бейшеналиевге Башкы прокуратура тарабынан эскертүү берилди

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге Талас облусунун тургундары жөнүндө айткан пикири боюнча Башкы прокуратура тарабынан эскертүү берилди.

Журналист Акылай Маратованын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүнөн Башкы прокуратурага жазган арызы каралып жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Акылай Маратова билдирди.

“Мага Башкы прокуратурадан жооп келди. Анда министр Алымкадыр Бейшеналиевге эскертүү берилгени айтылат”, - деди Маратова.

Эскерте кетсек, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүү аракеттеринин алкагындагы талаш-тартышта таластыктар тууралуу айткан сөзү талкууга түшкөн. Кийин министр анын сөзүн бурмалап жатышканын айтып, Талас элинен кечирим сураган.

Бул окуя боюнча Башкы прокуратура эгер арыз түшсө, Бейшеналиевдин сөзү боюнча териштирүү болорун айткан. Кийин журналист Акылай Маратова министрдин ал сөзү боюнча Башкы прокуратурага арыз жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан