Таласта үй өрттөнүп бир адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-мартта Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылындагы турак үйдөн өрт чыккан.
Ал жерге эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, тилсиз жоо толук өчүрүлгөн.
Үйдүн 120 чарчы метр аянты өрттөнүп кеткен. Тилсиз жоодон 47 жаштагы З.С. аттуу адам күйүк алган.
Жабыркаган жаран менчик унаа менен ооруканага жеткирилген.
Учурда өрттүн себеби жана материалдык чыгымы такталууда.