Чек арада абал туруктуу. Тажиктер кыргыз аскеринен тартып алган автоматты кайтарышты

24-мартта Арка-Борбордук унаа жолунун аймагында Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу орун алды. Жолугушууга эки тараптын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн да катышканын Чек ара кызматынан кабарлашат.

"Жолугушуунун жыйынтыгында коңшу тарап кыргыз тарапка Тажик жарандары тартып алган Чек ара кызматынын аскер кызматкеринин АК-74 автоматын кайтарып беришти. Ошондой эле тажик тарап радиостанция издөөнү уланта турганын билдирди.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт", - дешет маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, 24-мартта Арка-Борбордук айылында тажикстандыктар кыргыз чек арачыларын кармоого аракет жасашкан. Аны токтотуу максатында "Жаңы жер" чек ара заставасынын жетекчиси асманга эки ирет эскертүү иретинде ок чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан