Акыркы бир күн ичинде коронавирус инфекциясы республика боюнча 10 адамдан аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикалык маалыматына ылайык, ооругандар төмөнкү аймактардын тургундары:
Бишкек шаары – 6;
Чүй облусу – 4.
Кыргызстанда коронавирус илдети 2 жыл мурда катталып, андан бери жалпы 200 миң 857 адам жабыркады.