
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары
Эдил Байсалов коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Саламаттыкты сактоо министрлигине республикадагы өзгөчө кырдаалды алып салуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.