Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын мүчөсү, Саясий маселелер жана демократия боюнча комитеттин эксперт-баяндамачысы, Франциянын Улуттук ассамблеясынын мүчөсү Жак Мэр менен жолугушту.
Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, кызматташуунун актуалдуу багыттарын талкуулашты. Мындан тышкары, парламенттик өлчөмдүн потенциалын жогорулатуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Ошондой эле 2014-жылы Жогорку Кеңешке берилген "Демократия боюнча өнөктөш" статусунун алкагында кызматташуунун келечеги талкууланды. Ассамблеянын тажрыйбасын мындан ары институционалдык жана мыйзам чыгаруу ишинде колдонууга кызыгуу билдиринди.
"Биз эл аралык милдеттенмелерибизди, адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин, мыйзам үстөмдүгүн жактайбыз. Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынындагы элге кайрылуусунда Кыргызстан демократия жолунан тайбай турганын бир нече жолу белгилеген. Парламент өлкөнүн саясий системасынын негизги органы бойдон калууда, ал экономикалык жактан туруктуу жана стабилдүү мамлекетти куруу үчүн бийликти бөлүштүрүүнүн тең салмактуулугун, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин, мыйзам үстөмдүгүн, социалдык адилеттүүлүктү, толеранттуулукту жана пикирлердин плюрализмин камсыз кылат", - деди комитеттин төрагасы.
Өз кезегинде Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын мүчөсү, Саясий маселелер жана демократия боюнча комитеттин эксперт-баяндамачысы Жак Мэр ЕКПА Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүктү ар тараптуу өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар ЕКПАнын "Демократия боюнча өнөктөш" макамынын алкагында кызматташтыкты тереңдетүүгө макулдашты.