Бишкекте темир эритүүчү цехтен өрт чыкты

Бишкектеги Ленин заводунан бүгүн, 25-мартта эртең менен өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилүү болгондой, Чыңгыз Айтматов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Ленин заводунун аймагындагы темир эритүүчү цехтен өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, штаб жана ыкчам топ тартылды. Мындан сырткары Бишкек шаардык суу чарба башкармалыгынан 1 бригада тартылган.
"Өрт саат 07:23тө чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн болжолдуу аянты 500 чарчы метрди түзөт. Бактыга жараша, жабыркагандар жок", - дешти маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан