"Бир оюнчусу бүт командадан кымбат". Бүгүн "Ак шумкарлар" Өзбекстанга каршы беттешет

Бүгүн, 25-мартта футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы “Navruz Cup 2022” эл аралык мелдешинин алкагында Өзбекстан курама командасына каршы беттешет.

Оюн Өзбекстандын Наманган шаарында өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.

Футболчулардын трансфердик баасын жана улуттук курама командалардын жалпы баасын эсептеген Transfermarkt сайтына таянсак, Өзбекстан курама командасынын жалпы баасы 32 миллион 300 миң евро турат. Өзбекстандын жана италиялык "Рома" футболдук клубунун оюнчусу Элдор Шомуродовдун баасы эле 10 миллион евро.

Ал эми Кыргыз улуттук курама командасынын жалпы баасы 6 миллион 200 миң евро болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан