Ошто автомектептерге жол кыймылынын кызматкерлери жол эрежелери боюнча сабак өттү

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн транспорт каражаттарын жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери "Унаа" мекемесинин кызматкерлери менен биргеликте, Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында жайгашкан айдоочуларды даярдоо автомектепте окуп жатышкан курсанттар менен жолугушту. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда жол кыймылынын кызматкерлери курсанттарга жол кыймылынын эрежелерин үйрөнүү, билүү зарыл экендигин түшүндүрүштү. Курсанттар автомектепти бүтүп айдоочулук күбөлүк алып, унаа башкарганга укук алгандан кийин жол кыймылынын эрежелерин так сактоосу зарыл экендигин түшүндүрүп, адам өмүрү баарынан кымбат турарын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан