Чүйдө мал уурдаганга шектелип 30 жаштагы жаран кармалды

Чүй облусунун Москва районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургун 6-мартка караган түнү сарайынан бир баш уюн уурдап кеткен адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган.

Бул арыз 205-берене (Уурулук) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Н.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми уурдалган уй табылып, арыз ээсине өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - дешет мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан