Видеобайкоо камералары көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет, окуяларды документтештирүүгө жана кырдаалды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Буга байланыштуу коомдук жайларда видеокамераларды көбөйтүү мерчемделип жатканын ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашат.
Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын октябрынан тартып Ички иштер министрлигинде Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борбору иштеп жатат. Аталган кызмат коомдук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу, катталган укук бузууларга жана окуяларга байкоо жүргүзүү менен ички иштер органдарына өз убагында маалымдоо, кызматтардын жана бөлүмдөрдүн ишин координациялоо максатында түзүлгөн.
Учурда коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборунун өздүк курамы криминалдык кырдаалдын абалын көзөмөлдөө боюнча иш алып барууда. Өлкөнүн аймагында коомдук коопсуздуктун абалына мониторинг жүргүзүү жана укук тартибин камсыздоо, кылмыштуулук менен укук бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу, катталган окуялар жөнүндө ыкчам маалымат берүү максатында республика боюнча 136 видеобайкоо камералары орнотулган. Анын ичинде Бишкек шаарында - 70, Чүй облусунда - 10, Ош шаарында - 2 , Ош облусунда - 10, Баткен облусунда - 25, Жалал-Абад облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 2, Нарын облусунда - 1, Талас облусунда - 15.
"Республиканын аймагында видеобайкоо камераларынын жардамы менен ыкчам кырдаалга мониторинг жүргүзүүдө 1995 ашык кылмыштар жана укук бузуулар аныкталган. Анын ичинде укук бузуулардын жана кылмыштардын бетин ачуу максатында 1015 ашык фото жана видеолор тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилген.
Коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө аймагын кеңейтүү максатында быйылкы жылы тийиштүү программалык камсыздоону орнотуу жана өлкөнүн аймактарын кеңири камтыган тышкы видеобайкоо камераларын көбөйтүү мерчемделүүдө", - дешти маалымат кызматынан.