20дан ашуун телефон уурдалды, анын 14ү Айфон. Бишкекте уурулукка шектелип 22 жаштагы жаран колго түшүрүлдү

Бишкекте дүкөндөрдүн биринен телефон, ноутбук уурдоого шектелип 22 жаштагы жаран кармалды. Свердлов РИИБинин билдирүүсүнө ылайык, учурда шектүүнүн шериктерин аныктоо иштери улантылууда.

Маалым болгондой, 22-февралда таңкы саат 4 жарым чамасында техника саткан дүкөндөрдүн биринде уурулук фактысы катталган. Анда 14 даана iPhone, 8 даана Xiaomi Redmi, 3 даана Samsung телефондору жана Lenovo ноутбугу уурдалган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

"Издөө, тергөө иштеринин алкагында кылмышка шектелип 2000-жылы туулган Р.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда милиция кызмактерлери уурулукка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштерин жүргүзүп жатат", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан