Юрист Нурбек Токтакуновду милиция кайра кармап кетти

Белгилүү юрист Нурбек Токтакуновду милиция кайра кармап кетти. Бул тууралуу жактоочу Бакыт Автандил уулу билдирди.

"Алгач журналисттерди камап, эми укук коргоочуларга өтүштү. Эртең менен спецназ Нурбек Токтакуновду өзгөчө оор кылмышкер катары кармап, белгисиз тарапка алып кетишти. Токтакуновдун азыр кайда экендиги белгисиз", - деди Бакыт Автандил уулу.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Нурбек Токтакуновду судьяларды кемсинтти деп, Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча күнөөлүү деп таап, беш суткага камакка алуу чечимин чыгарган. Кечээ, 24-мартта Токтакунов кармалып, андан соң бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан