Австриянын президенти Садыр Жапаровго дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо кат жолдоду

Австриянын Федералдык президенти Александр Ван дер Беллен мамлекет башчы Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо кат жолдоду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Акыркы 30 жылдын ичинде биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер абдан позитивдүү жана достук маанайда өнүгүп, өз ара урматтоо менен мүнөздөлөт. Австрия менен Кыргыз Республикасы да ар түрдүү тармактарда көп тараптуу деңгээлде ийгиликтүү кызматташат. Биздин эки мамлекет тең Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында Кыргыз мамлекети тарабынан демилгеленген Тоолуу өлкөлөрдүн достору тобуна мүчө.

Өткөн жылдын ноябрында тышкы иштер министри баш болгон Австриянын чоң делегациясы сиздердин өлкөгө келип, өкмөт жана бизнес өкүлдөрү эки тараптуу экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурушкан.

Мааракелик жылда биз биргелешкен күч-аракеттер менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы саясий, экономикалык, маданий жана жеке деңгээлдеги кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү багытын аныктай алабыз деп ишенем", — деп айтылат куттуктоо катында.

Александр Ван дер Беллен Садыр Жапаровго жеке бакубатчылык, ал эми Кыргыз мамлекетине бактылуу жана ийгиликтүү келечек каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан