Кыргызстан эл аралык сотто "Манас банкы" боюнча талаш-тартышты биротоло жеңип алды

Кыргызстан эл аралык сотто "Манас банкы" боюнча талаш-тартышты биротоло жеңип алды. Юстиция министрлигинен кабарлашкандай, Франциянын Жогорку кассациялык соту латвиялык ишкер Валерий Белоконь менен Кыргызстандын ортосундагы "Манас банкына" байланыштуу көп жылдык талаш-тартышка чекит койгон чечим чыгарды.

"Мындай чечим үчүн Белокондун кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча операциялардан пайда алуусу негиз болду (аталган банк мекемесинин ишинин алкагында). Бул чечим акыркы жана В. Белокондун Кыргыз Республикасына карата талаптары мындан ары башка соттук же арбитраждык жол-жоболордун алкагында каралышы мүмкүн эмес", - дешет маалымат кызматынан.

Териштирүүнүн хронологиясы:

2014-жылдын 24-октябрында Валерий Белоконь менен Кыргызстандын ортосундагы териштирүүдө арбитраждык чечим чыгарылган. Ага ылайык өлкө В. Белоконьго таандык болгон "Манас банктын" мүлкүн мыйзамсыз, мажбурлап ээликтен ажыратуу үчүн 16 миллион доллардан ашык каражат төлөөгө милдеттүү болгон.

2017-жылдын 21-февралында бул арбитраждык чечим жокко чыгарылган. Анткени сот Франциянын эл аралык коомдук тартибине каршы келет деген тыянакка келген. Ага ылайык, башка финансылык кылмыштар менен катар кылмыш жолу менен алынган кирешелерди эл аралык адалдоого каршы күрөшүү эл аралык коомдук тартиптин маанилүү элементтеринин бири болуп саналат.

2021-2022-жылдары Валерий Белоконь Париж сотунун чечимине каршы Франциянын Кассациялык сотуна даттанууга жана Кыргыз Республикасына каршы арбитраждык чечимдин юридикалык күчүн калыбына келтирүүгө аракет кылган. Франциянын Кассациялык соту Париж сотунун чечимине даттануу жөнүндө ишти карап чыгып, Париж шаарынын апелляциялык сотунун 2017-жылдын 21-февралындагы чечимин туура деп толук тастыктады.

Эске салсак, латвиялык ишкер Валерий Белоконь 2010-жылы Апрель окуясынан кийин кыргыз бийлиги борбор калаадагы "Манас" банкын мыйзамсыз тартып алганын жана анын менчик укугун бузгандыгын айтып, эл аралык сотко кайрылган болчу. Соттун чечими менен кыргыз өкмөтү латвиялык ишкерге 16,5 миллион доллар төлөп бермек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан