Жактоочу Атамбаевди кызматкерлер абактын кайсы жеринен алып чыккандыгын көрсөттү

Абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Атамбаевди абактын кызматкерлери сотко алып баруу үчүн абактын кайсы жеринен алып чыккандыгын көрсөттү.

"Кызыл түс менен белгиленген корпустан Алмазбек Атамбаевди сүйрөп чыгышкан. Сары түс менен белгиленген жерде видеокамера орнотулган. Бүгүн 47-колониянын башчысынын орун басары видеону Акыйкатчы институтуна жана Кыйноолордун алдын алуу борборунун өкүлдөрүнө көрсөтпөй коюптур.

Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев буйрук бериши керек, видеону коомго көрсөтүшсүн", - деп социалдык тармактагы баракчасына жазып, сүрөттү жүктөдү Жоошев.
23-мартта Алмазбек Атамбаевди суукта ич кийимчен күч менен сотко алып келгендигин анын жактоочусу Замир Жоошев билдирген. Өз кезегинде Жазаларды аткаруу кызматы Алмазбек Атамбаевге карата күч колдонуу мүмкүн эместигин билдирген. Бирок бүгүн, 25-мартта Кыйноолорду алдын алуу борбору Алмазбек Атамбаевдин колдорунан жана буттарынан көк ала тактар табылганын айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан