Ош облусунун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоонун алкагында иш-чаралар болуп өттү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, иш чара Ош ОИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, 23-24-март күндөрү “Нелегал” аталышында болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө, Кылмыш-жаза кодексиндеги бир нече беренелери боюнча чет өлкөлүк 36 жаранга протоколдор толтурулуп, жалпысынан 190 миң сом айып пул салынды.
Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 168-берененин негизинде (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, мигранттарды мыйзамсыз алып келүү, алып чыгуу) 3 факты аныкталып, кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.