Ошто жайыт жерлерди мыйзамсыз сатууга шектелип мурдагы айыл башчы кармалды

Ош облусунун Төлөйкан айылынын мурдагы башчысы УКМК тарабынан кармалды. Аталган комитеттен билдиришкендей, ал жайыт жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кармалды.

"Төлөйкөн айыл аймагынын жооптуу адамдары тарабынан жайыт жерлерди трансформациялабастан мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Анын алкагында Төлөйкөн айыл аймагынын мурдагы башчысы М.З. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан