SUPER.KG порталынын "Фотоальбом" рубрикасынын бул жолку каарманы ырчы, кыргыз тасмаларынын көбүндө роль жараткан актриса Асема Токтобекова. Ырчынын секелек кезинен тарта бүгүнкү күнгө чейинки сүрөттөрүн топтоп, анын өзгөргөнүнө чогуу көз чаптыралы.
Асема Токтобекова 1986-жылы 25-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. 2008-жылы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык байланыштар факультетин, кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган.
Ырчы катары "Жаным", "Карамель", "Асем кыз", "Энекем", "Онтоосу ичте жүрөктүн", "Мезгил", "Наристем", "Жымыңдайт жылдыз", "Көл кечи" жана башка ырлары менен таанылган.
"Боз салкын", "Уурунун махабаты", "Көк жал" (режиссёру Асема Токтобекова), "Сүйүү күчү" сыяктуу фильмдерде чагылдырган образдары менен белгилүү.
2008-жылы режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун "Боз салкын" тасмасындагы мыкты ролу үчүн Баку шаарында өткөн "Восток-Запад" эл аралык кинофестивалында "Эң назик образ" байгесине ээ болгон.
Үй-бүлөлүү. Учурда өмүрлүк жолдошу Акжол Нишанов менен эки уул, бир кызды тарбиялап келишет.
Белгилей кетсек, ырчы жеке ишкерлик менен да алектенип, тагыраагы, сулуулук салонун иштеткен. 2019-жылы июль айында "Али-Хан" ресторанында өрт чыгып, жанындагы "Асем" сулуулук салонуна жана дүкөнгө өткөн. Аталган салон ырчыга таандык болгон.