УКМК: "Унаа" мекемесинин Ош шаардык бөлүмүнүн адиси кармалды"

"Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмүнүн адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыш ишинин алкагында ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмүнүн адиси А.М. кармалды. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан Абхазиядан келген, тиешелүү бажы жол-жоболорунан өтпөгөн Лексус GX-470 үлгүсүндөгү унаага Орусиядан келген делген жасалма документтердин негизинде автотранспорт каражатына каттоо күбөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик номурун каттап бергендиги аныкталды, натыйжада мамлекетке 1 миллион 870 миң 586 сом өлчөмүндө зыян келтирилген. 24-мартта жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык башкармалыгынын адиси А.М. кылмышка шектүү катары кармалып, Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды", - деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан