Биринчи Май районунун мурдагы акими Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарына вице-мэр болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, анын ордуна Максатбек Сазыкулов Биринчи Май районунун башчысы болуп дайындалган.
Эске салсак, Жамалбек Ырсалиев буга чейин борбор калаанын вице-мэри болгон. 2021-жылдын 3-сентябрында Бишкектин ошол кездеги мэри Айбек Жунушалиев аны Биринчи Май районунун акими кылып дайындаган.
Тиешелүү буйрукка Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.