Ысык-Көл облусунда жеңил унаа жол кырсыгына кабылып, 1 аял жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунда катталды.
Белгилүү болгондой, Тойота Камри унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 аял жабыркады (аты-жөнү такталууда).
Жерине 4 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган аял "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген.