Ошто 47 жаштагы жаранды тоноого шектүү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунан кармалды. Маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 23-мартта Ош шаарынын А.Навои көчөсүндө жайгашкан чоӊ көпүрөнүн алдында 47 жаштагы жаранды белгисиз адам коркутуп, паспортун, айдоочулук күбөлүгүн жана баасы 8000 сомдук телефонун тартып алган.
Жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылып, тоногон жаранга карата чара көрүүнү суранган.
"25-мартта тоноого шектүү катары 1981-жылы туулган К.А. кармалды. Ал мурда соттолгон, эч жерде иштебейт. Үй-бүлөсү жок, ажырашкан. Чоӊ-Алай районунун тургуну. Шектүү кылмыш кылган күнү Чаткал районундагы жакын тууганынын үйүнө качып кеткен. Учурда ал Оштогу борбордук базардын аймактарындагы ушул сыяктуу кылмыштарга шектелүүдө.
Учурда К.А. Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.