Нарын облусунун аймагында катылган курал-жарак жана ок-дарылар табылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, мыйзамсыз колдонулган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды табуу боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
24-мартта Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылындагы Орто-Токой суу сактагычынын жанынан белгисиз адамдар тарабынан курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылган.
Аталган жайдан:
- 2 кырдуу жылмакай курал;
- 1 жылмакай аңчылык куралы;
- 1 майда калибрлүү мылтык,
- 1 “Сайга-410” карабини;
- 59 даана ар кандай калибрдеги октор табылган.
"Алынган бардык курал-жарактар менен ок-дарылардын сериялык номерлери, анын ичинде гильзалардагы маркировка маалыматтары өчүрүлгөн. Азыркы учурда аталган курал-жарактарды сактоочу жайды уюштурган адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - дешти басма сөз кызматынан.