"Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун лидери аталган чет элдик жаран колго түшүрүлдү. Ал уюмдун өлкөнүн түштүк аймагы боюнча лидери экенин УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
"Кармалган И.Ш.Ш. Өзбекстанда "Хизбут-Тахрир" уюмунун аймактык жетекчиси болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын түштүк жергесинде жана Өзбекстан менен чектеш аймактарда "Хизбут-Тахрир" түзүмдөрүн түзүү жана бекемдөө боюнча көмүскө иштерди жүргүзүп келген.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кармалган жаран 10 жылдан ашык убакыттан бери Өзбекстандын аймагында расмий издөөдө жүрүп, Кыргызстанда жашынууга аракет кылганы аныкталды. Көрүлгөн процессуалдык чаралардын негизинде И.Ш.Ш. Өзбекстанга өткөрүлүп берилди", - дешти мекемеден.
УКМК тарабынан диний-экстремисттик жана террористтик топторду аныктоо жана бөгөт коюу иштери улантылууда.