"Мени коё берүүсүн суранып жалындым". Бишкекте күйөөсү тарабынан сабалган келин ур-токмокко алынганынын себебин айтты

Бишкекте күйөөсү тарабынан сабалган келин социалдык тармактагы баракчасына окуянын жагдайын жазып чыкты.

Анда ал күйөөсү ажырашууга макул болбогонун жана себепсиз ур-токмокко алганын билдирген.

"Мен аны абдан коркунучтуу жана мени күн сайын сабачу деп айтуудан алысмын. Жок, албетте, жакшы учурлар, эсте каларлык кезибиз көп болгон. Бирок кеп анда эмес, акчада да эмес. Биз акыркы эки жылда бири-бирибиздин тилибизди таба алган жокпуз, ар бир майда нерселер үчүн уруштук. Акырындык менен сезимдер өчө баштады, бирок мен уулум үчүн кала бердим. Моюнга алам, аны кайра сүйүүгө аракет кылдым, бирок жүрөккө буйрук бере албайсың. Мен ага тынч эле ажырашууну сунуштадым, мени коё берүүсүн суранып жалындым. Бирок ал буга макул болгон жок. А мен жөн гана кетип калуудан корктум. Мындай мамилени башынан өткөргөндөр мени жакшы түшүнөт. Балким, анын да сезимдери акырындык менен өчүп, тынч ажырашып кетебиз деп ойлогом. Мен канчалык андан алыс болгон сайын, ал ошончолук мени таштап кеткиси келген жок. Эч себепсиз урган. Мындай кылыктарын актоого болобу? Адамды ушинтип кыйнаса болобу?", - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, 4-мартта Д.М. аттуу жаран күйөөсү Б.Х`га карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 00:00 чамасында Логвиненко көчөсүндө жайгашкан үйүндө аны 4 саат бою сабап, денесине залал келтиргенин жазган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине "өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу" берене менен катталып, кылмыш иши козголгон. Тийиштүү экспертизалар дайындалган. Ошондой эле Биринчи Май РИИБинен аялын сабаган адам Түркиянын жараны экени жана ал изделип жатканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан