Бишкек шаарынын Октябрь райондук сот аткаруучулар кызматынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Маалыматты УКМКдан билдиришти.
"Октябрь райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүм башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу К.К.Ж. өндүрүш ишин токтотуу жана Кыргызстандын чегинен тышкары чыгууга мурда коюлган чектөөлөрдү алып салуу үчүн А.уулу А. аттуу жарандан ири өлчөмдө акча каражатын опузалап талап кылган. Кызмат адамы акчаны алып жаткан жеринен кармалды.
Белгилей кетсек, буга чейин сот аткаруучу К.К.Ж. жогорудагы маселе боюнча акчанын бир бөлүгүн алып, бирок чектөөнү алып салуу маселесин чечпестен, арыздануучудан опузалап акча каражатын алууну уланта берген.
Учурда кармалган бөлүм башчы Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - дешет мекемеден.