Чүйдө 38 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Чүй облусунун Жайыл районунда адам өлтүрүү фактысы катталып, кылмышка шектүү аныкталды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

25-мартта Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Жерине ыкчам тергөө тобу барып, териштирүү учурунда маркум 1984-жылы туулган О.В. аттуу жаран экендиги такталган.

Факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине "киши өлтүрүү" беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1994-жылы туулган М.А. кармалды. Жогорудагы окуя мас абалында ортодон чыккан пикир келишпестиктен улам болгону аныкталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - дешти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан