Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сотко күч менен алып келингени боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кеңири түшүндүрмө беришти.
Алмазбек Атамбаев 2020-жылдын 27-октябрында №47-түзөтүү мекемесине №21-мекемеден (СИЗО-1) режимдин түрүнө ылайык жазасын андан ары өтөө үчүн келген.
"Атамбаев кабыл алынгандан тартып №47- медициналык-түзөтүү мекемесинин дарыгерлери жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери: кардиолог, нейрохирург, терапевт тарабынан бир нече жолу текшерүүдөн өткөн.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен (учурда кылмыш иштери каралып жатат) 2021-жылдын май айында Саламаттыкты сактоо министрлиги кардиолог, пульмонолог, невропатолог жана нейрохирургдан турган комиссиялык экспертиза уюштурган. Бирок Атамбаев андан кескин түрдө баш тартты. Анын жазуу жүзүндөгү баш тартуусу Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистеринин расмий актысы менен тастыкталган.
Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде 2021-жылдын 13-августунда соттук-медициналык эксперттик комиссия түзүлүп, ага карабай Атамбаевге экспертиза жүргүзүлүп, комиссия өз корутундусун чыгарган. Ошол эле учурда диагнозду тактоо үчүн бир катар экспертизаларды өткөрүү сунушталган, бирок мурдагы президент кайрадан текшерүүдөн баш тарткан. Бул боюнча да тиешелүү акты бар.
Акыркы иш боюнча айта кетсек, 23-мартта Атамбаев ден соолугу боюнча медициналык жардам сурап кайрылган эмес жана сотко ден соолугу тууралуу маалымкат берилген эмес. Мекемеге кайтып келгенден кийин ага ЭКГ жана физикалык текшерүүдөн өтүүдөн баш тартып, бул боюнча да акт түзүлгөн.
23-мартта жактоочу Замир Жоошевдин Атамбаевди соттук отурумдарга катыштырбай койгон медициналык экспертизанын корутундусун массалык маалымат каражаттары аркылуу көрсөткөн билдирүүсү аша чапкандык. Себеби корутунду 11-мартка гана берилген медициналык маалымкат.
23-мартта Кой-Таш окуясы боюнча иш каралып жаткан сотко мурдагы президент жеткирилиши керек болчу. Мекеменин кызматкерлери аны эч кандай физикалык жана психологиялык кысым көрсөтпөстөн, көрсөтмөлөрдү так аткарып, сотко алып барышкан. Бирок Атамбаев унаанын ичинен кызматкерлерди кемсинтип, чыр чыгарып, орунсуз сөздөрдү айтып, коомчулуктун көңүлүн буруп, ошону менен сот процессине катышпоого аракет кылган.
Соттун имаратына жеткирилгенден кийин унаанын ичинен бут кийимин жана байпактарын чечип, жактоочуларын бул жакка жылаңайлак алып келишкендигине ишендирүүгө аракет кылган", - дешет мекемеден.
2020-жылдын 30-декабрынан бери Атамбаевди сот залына жеткирүү боюнча Биринчи Май райондук сотунун 63 талабы келип түшкөн, анын 61и соттук териштирүүгө катышуудан баш тарткандыктан аткарылган эмес дешет ЖАМКдан.
"Атамбаев №47-мекемеде өзүнө келгендер менен жеке жолугуп жатканын белгилейбиз. Учурда ал №47-мекемеде жана анын мындан аркы соттук процесстерге катышуусу боюнча маселе мыйзамда белгиленген нормалардын алкагында чечилет", - деп кошумчалашты.