26-март күнү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда ырчы Кызсайкал Кабылованын тушоо кесүү концерти болуп өттү. Шоу менен коштолгон концерт алгач ырчынын өмүр баянын баяндоо менен башталды. Кечеде анын сахналаш досторунун жана бир туугандарынын ырлары орун алып, зал шаңга бөлөндү.
Концерттин алып баруучулары Самат Эркинбеков жана Канат Шабданбеков көрүүчүлөргө оюн ойнотушуп, белектерди тартуулашты. Мындан тышкары ырчы Азиз Батыров Кызсайкалга комуз жана чачпак белекке берип, ыр десте сунду.
Кызсайкал Кабылованын сахнадагы ачык түстөгү сахна көйнөктөрү көпчүлүктүн купулуна толду. Аншлаг менен өткөн концерт дээрлик эки саатка созулду.