Чүй облусунун Москва районунда уурулукка шектелип 32 жаштагы жаран колго түшүрүлдү. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей кармалган жаран мал уурдоого шектелүүдө.
Маалыматка ылайык, 23-мартта Москва районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызда 2021-жылдын ноябрь айында белгисиз адамдар бир баш уйду уурдап кеткендиги айтылган.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (Уурдоо) боюнча каттоого алынган.
"Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 1990-жылы туулган Н.Ж. аттуу жаран кармалып тергөө кызматына тапшырылды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - дешти мекемеден.