Бишкекте курулуш чарбадан өрт чыгып, эки адам күйүк алды

Бишкекте 27-март күнү Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан курулуш чарбадан өрт чыкты. Кырсыктын кесепетинен 2 адам күйүк алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, курулуш чарбанын жыгач устундуу шифер жабылган 40 чарчы метр чатыры күйдү. Жерине бир өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
"Өрттүн кесепетинен 2 эркек киши күйүк алып, "Тез жардам" кызматы менен күйүк борборуна жеткирилди, учурда жабырлануучулардын аты-жөнү такталууда. Өрт саат 23:27де чектөөгө алынып, саат 23:44тө толук өчүрүлдү.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан