Нарын дарыясына агып кеткен сегиз жашар баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-мартта Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Орто-Нура айылында 8 жашар Т.Т. аттуу бала Нарын дарыясына түшүп кеткен. Издөө иштери кечээ, 27-мартта дагы уланып, кеч кирип кеткенине байланыштуу токтотулган.
Бүгүн, 28-мартта издөө иштери улантылат.