Москвада кыргызстандыктардын
“Ала-Тоо” коомдук уюмунун демилгеси менен Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата чыгармачыл кече
болуп өттү. Бул тууралуу 26-ноябрда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма
сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага кыргыз, орус адабиятына жана маданиятына
белгилүү болгон инсандар катышышты. Алардын катарында жазуучу менен жакындан тааныш
болуп жүргөн инсандар Омор Султанов (Кыргызстан), Мумин Каноат (Тажикстан),
“Элдер биримдиги” журналынын башкы редактору Александр Эбаноидзе, Түркмөнстандын Эл сүрөтчүсү Владимир Артыков, Ташкенттен барган акын Борис Пак жана башка
адабиятчылар катышышты.
Чыгармачыл кеченин жүрүшүндө
катышуучулар жазуучунун адабиятка калтырган мурастары тууралуу сөз кылышты.
Кече кыргыз,
казак, азербайжан, түркмөн, украин элдеринин диаспораларынын концерттик
программалары менен коштолду. Кыргызстандан КРнын Эл артисти Керим Турапов, ырчылар Гүлзада Рыскулова менен Каныкей барып, келген конокторго өнөрлөрүн тартуулашты.