Эдил Маматовдун “Күтпөйм эми” деген ыры жарык көрдү. Бул туурасында ырчы мырза SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, бул ыр күйөрмандарына арналган.
“Бул ырдын сөзү Жаңылай Исаковага, ал эми обону өзүмө таандык. Мындан бир жыл мурун ырдын обону жаралып, быйыл сөз жаздырып, анан ырдап чыктым”,- дейт Эдил Маматов.