Бишкекте тургундун үйүн өрттөөгө аракет кылган адамдар кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-мартта Бишкек шаарынын тургуну үйүн белгисиз адамдар өрттөөгө аракет кылганын кабарлаган. Арызында Бишкектин Деповская көчөсүндөгү үйүн белгисиз адам өрт коюуга аракет кылып, бирок ал аракеттери ишке ашпагандыгын билдирген.
Издөө иштеринин алкагында аталган окуя боюнча шектүү катары 2 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.