Чүй облусунун тургуну курал уурдап сатууга айыпталып кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга С аттуу жаран курал сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.
Анда 55 жаштагы Ц.А. аттуу адам Чүй облусунун Панфилов районундагы кашарлардын биринен 16-калибрдеги ТОЗ үлгүсүндөгү мылтыкты жана 2 огун уурдап, кийин аларды башка адамга сатып жибергени аныкталган.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.