Бишкекте эки жеңил унаа кагышып, бир адам жаракат алды

Бишкекте эки жеңил унаа кагышып, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 28-мартта саат 03:30 чамасында Бишкектин Тыналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Мазда Демио үлгүсүндөгү унаа менен КИА үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен КИАда жүргүнчү катары бара жаткан Р.А. аттуу кыз жаракат алып, "Тез жардам" унаасы менен ооруканага жеткирилген.

Учурда эки унаа тең айып короосуна токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан