реклама
super.kg logo

"Садыр иним, майдаланба". Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаровго жооп берди (толук текст)

 
Абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өлкө башчы Садыр Жапаровго жооп берди.
25-мартта Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевге сотко барып ак экенин далилдөө керектигин айткан.
Алмазбек Атамбаевдин Садыр Жапаровго берген жообу:
"Президент Садыр Жапаров жакында мен жөнүндө мындай деп жазыптыр: "Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар, мен соттон качкан эмесмин" деп.
Эми жооп бербесем болбой калды окшойт, Садыр иним, иним дегенге таарынба, кыргыздар кичүүгө ушинтип кайрылат. Буга чейин да мен жөнүндө бир топ ушак сөздөрдү сүйлөдүң эле. "Атамбаев учак менен тонналап алтын алып кеткен. Атамбаев кыйнап, абактан кекиртегимди кестим. Атамбаев тынч митингге октябрда кол салды. Атамбаев өзүн-өзү тапанчадан жан сакчысына аттырды" жана ушу сыяктуу далай сөз айттың. Баарына чыдап отургам, жооп бербей он жылдан бери. Али жаш, ачууга алдырып жатат, адашып жатат деп. Эми президент болдуң, уят болот мындан ары да калп айта берсең!
Эсимде бар, 2018-жылы мага Форумга сенин абаң Сабыр келип, сенин ишиң жөнүндө бир топ сүйлөшкөнбүз. Караколдогу окуянын майда-чүйдөсүн, сени ошондо кайсы досуң алдыга түртүп коюп, анан сатып кеткенин айтып берген. Анда иниңди колдоп берейин, абактан чыгаралы деп макул болгом. Ошондо Сабыр "уруксат бериңиз, сизди биз митингдерде шыбайлы, Сокеге (ред:. Сооронбай Жээнбеков) жагат экен, эптеп инимди абактан чыгаралы" деп суранган. Сенин башка колдоочуларың да келип жатты Форумга.
Соке октябрдагы митингден кийин бийликке кайра келип, кетпейм деп тырышканда да мен элге, тарапташтарыма кайрылгам, кат жөнөткөм. Садырды колдойлу, эптеп Сокени кетирели деп. Садыр көп кыйынчылык көрдү, баарын түшүндү деп айткам. Акыркы бир жарым жылдан бери да бийликке жаңы эле келди, баарын түшүнөт, Кудай туура жолго салат деген үмүтүм бар болчу. Бирок ал үмүт күндөн күнгө өчүп баратат.
Садыр иним! Мен соттон качкым келсе, мага биринчи иш козголгондо эле 2018-жылы качып кетмекмин. Ошондо атайын учак келгенде мен аны менен Москвага учуп барып, досторума рахмат айтып "мен качып кетсем болбойт, уят болот" деп, кордук көрүп, камалаарымды билсем да кайра Кыргызстанга учуп келгем. А сен болсо, Садыр иним, 2013-жылы Караколдогу чуулгандуу окуя боюнча иш козголгондо соттон коркуп, тарапташтарыңды таштап качып кеткенсиң чет элге. Анан мен бийликтен кетээрде 2017-жылы кайра келип соттолуп кеттиң. Соттун өкүмүн аягында Жогорку Сот бекиткен. Бирок мен ага чейин эле кызматты жаңы президентке өткөрүп кеткем.
Сеники да туурадыр, мүмкүн сага коюлган киненин баары жалгандыр. Мен өзүм да көрдүм прокурор, соттордун адилетсиздигин, бети жоктугун! Анда ошол кездеги сени соттогон прокурор, тергөөчү, сотторду бийлик өз колуңда турганда териштир да! Сени 11 жылга абакка кескен сот Каипов мага да дал ошондой өкүм чыгарбадыбы! Күлкүң да келет, ойлосоң! Ошондон баштабайсыңбы туура эмес кесилген болсоң?
Мен соттон качкан жокмун. Мен ден соолугума байланыштуу отурумду мен жокто эле өткөргүлө деп ар бир жолу арыз жазып берип жатам сотко. Анын үстүнө прецедент бар. Батукаевдин иши шаардык сотто жана Жогорку Сотто мен жокто эле каралып, чечим чыгарылган. Сокенин кезинде да, сенин кезиңде да, Садыр иним. Башка сотторду деле ошентип эле өткөрө бергиле да? Мен сурак же сотко барганда деле эчтеке өзгөрбөйт, анткени бир да суроого жооп бере элекмин жана бербейм. Протоколдорду кара, ишенбесең. Ансыз деле сен мени 11 жылга абакка кестирдиң. Менин жашымда бул деген ПЛС - пожизненное лишение свободы - дегенге барабар. Бирок баары бир мени дагы эле кордогуң келет окшойт, абакта да тынч койбой!
Садыр иним! Кыргызда - уялбагандан өзүң уял деген сөз бар. Сен уялбасаң, акыркы жоруктарыңа мен уялып жатам. Мени карда жыңайлак сүйрөп жүргөн офицерлер, аны карап турган бир топ плацтагы адамдар уялып, жер карап жүрөт азыркыга чейин. Буйрук түздөн-түз Садырдан келген деп шыбырашат мага.
Баарыңар билип алгыла! Мени кандай кордосоңор да баары бир сындыра албайсыңар! Мен башкаларга окшоп ырайым сурап арыз жазбайм. Ырайымды күнөөсүн моюнуна алгандар сурашат. Мага козголгон кылмыш иштердин баары чындыкка дал келбейт. "Высосаны из пальца" орусча айтканда. Мезгил аны далилдейт. Мага жашоодон да намыс артык. Абактан өлсөм да, өз жерим Кыргызстанда өлөм. Элим узатып коёт акыркы сапарга.
Садыр иним! Эртели-кечпи бир күнү баарыбыз элдин, тарыхтын, Кудайдын сотунда жооп беребиз! Ошондон коркуш керек.
Сен абактан демократия деп кыйкырып, бийликке келгенде эле дароо кокон хандыгын куруп баштадың. Түркмөнстанда убагында түркмен башы болсо, бизге эми кыргыз башы болгуң бар. Бирок биздин эл башка. Элибиз бардык кыйынчылыкка чыдайт, бирок адилетсиздикке, зулумдукка чыдабайт. Ошону унутпа, Садыр иним! Сокеге окшоп мага асылбай, күчүңдү мамлекеттин иштерине, көйгөйлүү маселелерге жумша. Чек ара, жакырчылык, жана башка көйгөйлөр толтура. Элди алдайм дегендер өздөрү алданат! Мөөнөтүң көрө албастык, өч алуу, майда-чүйдө иштер менен билинбей өтүп кетпесин. Алдыңда далай максат турат. Майдаланба. Президент айкөл болуш керек. Бул жалган дүйнөгө алданба. Жараткан сага туура жол көрсөтсүн, жардам берсин! Элибизге, жерибизге ынтымак, береке берсин!
А. Атамбаев", - деп жазылат билдирүүдө.



aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(52)
28.03.2022. 14:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
02-09-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 15:53
Жынысы:
Белгисиз
+6
койгула эми урушпагыла алдыда улуу Рамазан айы келатат, кечиримдуу гумандуу бололу!!!
28.03.2022. 14:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
681
Катталган:
04-09-2021
Соӊку аракети:
28-05-2022 00:42
Жынысы:
Белгисиз
+10
Садыр деле убагында тополон уюштуруп камалбады беле, тигил досу Камчв тосмодон секирип бийликти басып алам деп. Эми аны азыр баары унутуп коюшкан имиш. Чукусан Садыр деле таза адам эмес.
28.03.2022. 15:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
355
Катталган:
14-11-2019
Соӊку аракети:
28-05-2022 04:26
Жынысы:
Белгисиз
-13
alimbek94, Сенин козун ачык окшойт го, алдын ала ойлонуп, азыр баары бир Садырдын тарапташы коп, так что мен Садырга тескери коментарий жазсам ачууларына тие алам деп.
28.03.2022. 16:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1461
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 06:22
Жынысы:
Белгисиз
-4
zhaynak, Садырды бугун сендей бир ууч дакансалар эле колдобосо, Садырдын да поюзу келгени калды, уже "кереметин" корсотуп бутту, бийликке клоундарын топтоп......
28.03.2022. 16:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
355
Катталган:
14-11-2019
Соӊку аракети:
28-05-2022 04:26
Жынысы:
Белгисиз
+3
Antiradikal10, сага Ленинди алып келсе деле сындайсын, ишин ошол да.
28.03.2022. 17:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1461
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 06:22
Жынысы:
Белгисиз
+3
zhaynak, Лениндей бири келсе Кыргызстан бугункудой жакырчылыкта темселеп отурбаган болоор эле......

Лениндей бири келсе тууган-урук, дос-жар, тайке-жээн, куда-соок, окул балдары майлуу суттуу кызмат ордун талашып отурбаган болоор эле.......
28.03.2022. 20:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
395
Катталган:
12-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 20:28
Жынысы:
Белгисиз
-2
Antiradikal10,кафур мууздап кетем сени издеп журомун Сенин эмес дават онугуп аткан учун сен журосун эртерек намазга жыгыл болбосо олтуром
28.03.2022. 21:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1461
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 06:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
Fernando_Torres, кафур ким? Кафур сен! Анткени динди бурмалап ашкере динчил радикал болуу исламдын туз жолунан адашкан болот. Ошондо сен башка диндеги кафурлардан откон каапырсын!

Анткени талибандарга окшоп исламдын туз жолунан четтеп кеткенсин!
28.03.2022. 22:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
395
Катталган:
12-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 20:28
Жынысы:
Белгисиз
-5
Antiradikal10,сага жихад дарыяалап кафур мушуриктерди олтургон Сооп болот
28.03.2022. 21:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
01-10-2020
Соӊку аракети:
27-05-2022 15:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
Fernando_Torres,астафралла кой тууган сабырдуурак бол !минтип суйлогунун туура эмес!
28.03.2022. 22:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
395
Катталган:
12-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 20:28
Жынысы:
Белгисиз
-3
Antiradikal10,ушу кафурдун суротун же адресин билгендерге 100 мин сом
28.03.2022. 19:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
474
Катталган:
10-05-2020
Соӊку аракети:
27-05-2022 23:36
Жынысы:
Белгисиз
-1
Antiradikal10,анан Ким татыктуу оюнда алкаш Атамбаевби? Канча карыз алып кыргызстанды тизелетип Кетти дагы уялбай элге кайрылганына куйосун бул алкаштын же Мадумаров афердун адамысынбы ал келсе даана кулагына очойгон лапша илет кемчонтойлор деп алып катынга окшогон неме кичине элге окшоп президентти укканды сыйлаганды уйронолучу
28.03.2022. 16:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
17-11-2011
Соӊку аракети:
27-05-2022 12:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
alimbek94,Сен ушул туулганына деле өкүнсөн керек эээ эчбир жакшы сөз жазбайсын.
28.03.2022. 14:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
22-01-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 17:21
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сен Кыргызстандан давно качып кетет элең. Сыртта Бакиевтер сени күтүп алмак алардан жүрөгүң түшүп, айла жок абакты тандадын да.
28.03.2022. 15:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1098
Катталган:
19-04-2014
Соӊку аракети:
27-05-2022 20:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ala-Buka
+3
Nur2021, 10граммдан жутуп отуруп снайпери менен атып эч кимди жаныма жолотпойм деген ой келген да.
28.03.2022. 16:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1461
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 06:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nur2021, Бакиевдер Белоруссиядан тышка чыкпай журсо, кайдагы жомокту айтасын да.
28.03.2022. 16:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
355
Катталган:
14-11-2019
Соӊку аракети:
28-05-2022 04:26
Жынысы:
Белгисиз
-1
Садыр Жапаровго менден бир кенеш. "Пошёл на фиг" деп кой и всё. Ашыкча создун кереги жок.
28.03.2022. 16:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
551
Катталган:
26-04-2018
Соӊку аракети:
06-05-2022 22:36
Жынысы:
Белгисиз
+13
Биринден=бирин отуп актанасынар, биринден=бирин отуп элге жакшы корунгунор келет.Бийлик дагы,кыйынчылык дагы отуп кетет,убактысы келет,баарын тарых таразалайт.
28.03.2022. 16:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1461
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 06:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер тупить этпей туура ойлонуп корсонор, Атамбаевдин кайрылуусунун кеминде жарымы туура...

Садыр убагында Кумторду ойломуш болсо эле ишенип журо берген экенбиз. Кыргызстанды ондоп салам десе колунан келет дечу экенбиз. Корсо Садырынар деле буга чейинки 5 президенттен артык жери жок экен, жеткен аферист экен.

Мына, Жапаров бийликке 2020 октябрда келген. Арадан 1,5 жыл отту, эч нерсени кыйраткан жок. Кайра все хуже и хуже.
28.03.2022. 16:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
355
Катталган:
14-11-2019
Соӊку аракети:
28-05-2022 04:26
Жынысы:
Белгисиз
-1
Antiradikal10, военный техникаларды чон атан алып келдиби не миллиарддарга
28.03.2022. 16:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1461
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 06:22
Жынысы:
Белгисиз
-1
zhaynak, 2-3 Байрактарын эмнени чечет анкоо?! Украинада жуздогон байрактар жок кылынды. Кыргызстан болгону 2-3 байрактар сатып алса, ошону менен Тажикстанды жене тургансып эрдемсийсин байкуш.
28.03.2022. 17:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
859
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
28-05-2022 00:26
Жынысы:
Белгисиз
-4
Antiradikal10,Жакшы нерсени корбосон демек сенин көзүң да,көөдөнүң да сокур экен.
28.03.2022. 17:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1461
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 06:22
Жынысы:
Белгисиз
-1
Mister-XXX, ооба, Садыр экоон корогоч келемишсин.
28.03.2022. 16:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1461
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 06:22
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эч болбосо бийликке колунан иш келген профилерди кое алган жок. Ууру Акылбек Жапаров Окмот башчы. Анын замдары жеткен аферист, подхалим Торобаев, супер клоун, гей Байсалов, ала коодон Ташиев. Спикер мыйзамсыз шайланып келген Мамытов.

Жапаров бийликке келгенден бери олко кымбатчылыктан башы чыкпай келет. Эл кыйналып жашап жатканы менен бийликтин чатагы да жок. Жапаров менен Ташиев оз тууган-уругун, дос-жар, тайке-жээн, куда, окул балдарын майлуу-суттуу кызматтарга кою менен убара.
Antiradikal10 түзөттү 2022-03-28 16:58:58
28.03.2022. 16:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1461
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 06:22
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жапаров Кумторду аламын деп опурулганы менен Кумтор Кыргызстандыкы боло элек. Туура, бир жылдан бери Кумторду Кыргыз Окмоту иштетип жатканы менен, канадалыктар эсептеп отурат, Кыргызстан эртеби кечпи ушул акчалардын 80%тин бизге бериши керек, эл аралык соттон утуп баары бир толотобуз деп отурат. Анткени расмий документ боюнча Кыргызстан Кумтордун 26%тине гана ээ, калганы Центерра Голд компаниясына таандык.
28.03.2022. 16:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1461
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 06:22
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жапаров Центеррага 4 миллиард доллар доо койду эле, ошондо дакансалар энеси уул торогондой кубанышты эле. Корсо ал Жапаровдун адаттагы пиары экен. Андан бери 1 жыл отту. Центерра Кыргызстанга 4 миллиард доллар эмес, 4 доллар да толоп берген жок. Жапаров да 4 миллиард доллар боюнча башка ооз ачпай келет.
Жеруйдо болсо казылган алтындын баары Россияга кетип жатат. Элдин ырыскысын каяктагы дагестандык миллиардерге карматып коюп отурат акмак бийлик.
Antiradikal10 түзөттү 2022-03-28 17:00:37
28.03.2022. 16:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1461
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 06:22
Жынысы:
Белгисиз
+3
1,5 жылда эмнеге жетиштик? 1,5 жылда тынымсыз оскон баалар, баягы эле тышка тентиген 1,5 миллион кыргыз, ара кундо чек ара чыры, баягы эле ыплас шайлоо, баягы эле чимкириктер, баягы эле саткын соттор, прокурорлор, конумуш болгон коррупция, кайра эле тоок, кой, телефон уурдагандар камалып, миллион, миллиард уурдагандар акталып чыгып жатат. Эч бир жылыш жок. Бир канча "байрактар" сатып алганы менен тажиктер адатынча 2 кундун биринде чыр салып келет...
28.03.2022. 19:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
474
Катталган:
10-05-2020
Соӊку аракети:
27-05-2022 23:36
Жынысы:
Белгисиз
-2
Antiradikal10,жаман коп тантыган адам экенсин
28.03.2022. 17:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
958
Катталган:
13-03-2015
Соӊку аракети:
27-05-2022 11:19
Жынысы:
Белгисиз
-3
Атамбаев эркек болчу негизи бир суйлочу калп айтчы эмес азыр да эркекче отурат , Сокени шайлап кетип озун да кыргыз элин да кыйнады да.
28.03.2022. 17:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
678
Катталган:
21-10-2020
Соӊку аракети:
28-05-2022 02:30
Жынысы:
Белгисиз
+3
Актанба коп! Форумдун алдында момбеков, бочкан учоон элди элге тукургансынар! Эгерде силер ойлогондой болгондо оор болуп калмак
28.03.2022. 17:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
01-10-2020
Соӊку аракети:
27-05-2022 15:56
Жынысы:
Белгисиз
-7
Жамандыр жакшыдыр Атамбаев деле иш кылган жон эле Батукаевти илип оч алуу кылбай чыгырып койсо Жапаровтун эле даражасы которулмок!Атамбаев мигранттар учун жакшы эле шарт тузуп берген!
28.03.2022. 18:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
355
Катталган:
14-11-2019
Соӊку аракети:
28-05-2022 04:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Zynk, чыгарып койсо экообузду уруштурат. Не кыласын бузукуну актап
28.03.2022. 21:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
01-10-2020
Соӊку аракети:
27-05-2022 15:56
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhaynak,менин жеке оюум да хан кордогон хан кор болот дегендей!
28.03.2022. 19:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
202
Катталган:
26-11-2017
Соӊку аракети:
27-05-2022 20:39
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргызстандын чондоруу баары апак кунолу Адам жок
28.03.2022. 19:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
29-09-2020
Соӊку аракети:
28-05-2022 06:21
Жынысы:
Белгисиз
-3
Президенттерди кайраштырып, согуштуруп, тарапташтарын ызырынткандан ким пайда көрүп жатат?

Учурдагы жана экс президенттер С. Жапаров менен А. Атамбаев соцтармактар, маалымат булактары аркылуу «акыйнек» айтыша баштады. Мына ушул маалымат күрөшүнөн бир нерсе ачыкка чыкты. Президенттерге учурунда, ошол кезде так, даана, бурмаланбаган маалымат кирери ачык болду.
Азыркы президенттин агасы 2018-жылы Атамбаев менен жолукканда 2013-жылдагы окуя кандай өңүттө кеткенин айтыптыр. Жанылб
28.03.2022. 19:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
29-09-2020
Соӊку аракети:
28-05-2022 06:21
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жанылбасам дал ошол 2013-жылы Караколдо Жапаровдун тарапташтары Кумтөр боюнча митингке чыкканда Садыр Жапаровго «Сен Караколду басып ала бер, биз башка региондорду басып алганга жетиштуу куч даярдап койдук» деп, кайра эле ошолор Атамбаевдин жакындарына чыгып, «Биз Жапаровду колдобойбуз, Атамбаев биздин президент, Жапаров Көлдө бийликти басып алганы жатат» деп айтып, өздөрү телефонун өчүрүп үйлөрүнө жатып алышкан деген Ак үй тараптан ушак чыккан. Мына азыр эми көп нерсе ачыкка чыга баштады.
28.03.2022. 19:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
29-09-2020
Соӊку аракети:
28-05-2022 06:21
Жынысы:
Белгисиз
-4
Сабыр Жапаров менен Алмазбек Атамбаев 2018-жылы кечирим сурашып, өткөнгө салават кылды деген да маалымат чыккан. Керек болсо үчилтик катары бул тактикага Адахан Мадумаров кошулаары да айтылган. Мунун баарын эмнеге эстедим, болгону Ак Үйгө кирип, бийликке эгедер болсон эч качан кол алдындагылар толук маалымат бербейт окшойт. Муну Садыр Жапаров да моюнуна алып, «Атамбаевдин тегерегинде окуяны азыр окудум» деди. Атамбаев да учурунда так маалымат албаганына өкүнгөнүн угуп эле жүрөбүз. Эми, ушул азыр
28.03.2022. 19:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
184
Катталган:
31-07-2017
Соӊку аракети:
15-04-2022 17:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан Ош
-5
Арстан Алайды колдойлу ал туура айтат жамгыр жаадырат күн чыгарат.ха ха ха ха.
Akyl78.1501 түзөттү 2022-03-28 19:47:39
28.03.2022. 19:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
29-09-2020
Соӊку аракети:
28-05-2022 06:21
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эми, ушул азыркы жана мурдагы президенттерди кайраштырып, согуштуруп, тарапташтарын ызырынткандан ким пайда көрүп жатат?
28.03.2022. 20:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
395
Катталган:
12-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 20:28
Жынысы:
Белгисиз
-5
Алга дин даават кафурларча олум рамадан мубарак муслим
28.03.2022. 21:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
713
Катталган:
05-11-2015
Соӊку аракети:
28-05-2022 06:22
Жынысы:
Белгисиз
+5
Fernando_Torres,Айжандан жадап атканда сен да тойгоздунго талибтердин угуттоочусу
28.03.2022. 20:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
10-12-2020
Соӊку аракети:
27-05-2022 10:55
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аллах калыс зат,сен алкаш Атамбай Кыргызстанды сазга тыкканы үчүн, бешиктеги баладан бекчейип калган карыга чейин карыска батырган үчүн камакта отурасың...тарткылгыгың али алдыда... Оруска кошомат кылып Орускул болуп биздин келечекти Орус экөөң тамырын балталадың...айта берсе сенин касягың чачтан көп...
28.03.2022. 21:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1461
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 06:22
Жынысы:
Белгисиз
+4
Usmanbekali, Садыр орускул эмес бекен? Садыр карыз албай жатыптырбы? Садырдын тушунда адилеттуулук орнодубу не? АША менен САКЕН экоо бирдей эле, ак ит кара ит экоо тен бир ит дегендей......
28.03.2022. 22:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
395
Катталган:
12-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 20:28
Жынысы:
Белгисиз
-2
Antiradikal10,кафур алресини. Берчи жолугалы
28.03.2022. 20:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
10-12-2020
Соӊку аракети:
27-05-2022 10:55
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыз боосуса энесин коркутат болуп.Оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тырмайт болбо,
28.03.2022. 20:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
06-02-2020
Соӊку аракети:
28-05-2022 08:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Урматтуу президент Садыр Нуркожоевич билем менин жазганымды окубайсыз, менин оюм Алмазбек Атамбевге жооп жазып убара болбой эл учун иштей беринизди колдоймун. Иштеринизге ийгилик каалайм, денсоолукта болунуз
28.03.2022. 21:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1461
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
27-05-2022 06:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
sotkasotovic, качан болсо пахта коюп туалетная бумага болуп беремин деп койсон....))
28.03.2022. 21:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
29-09-2020
Соӊку аракети:
28-05-2022 06:21
Жынысы:
Белгисиз
-4
С.Нуркожоевич красавчик
28.03.2022. 21:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
362
Катталган:
18-07-2017
Соӊку аракети:
28-05-2022 05:04
Жынысы:
Белгисиз
+3
АША түрмөдө отуруп кайдан кирет соцсетке түшүнбөдүм?көп коммент жазайын дедим эле,жазгым келбеди
29.03.2022. 00:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
233
Катталган:
15-09-2020
Соӊку аракети:
28-05-2022 02:41
Жынысы:
Белгисиз
-4
Супер силер да кызыксынар, мындай темаларга "Талкуу жабык" - деп койчу эленер, уктап калгансынарбы??
29.03.2022. 01:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
20-02-2014
Соӊку аракети:
01-04-2022 11:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунча акыл айтыптыр Садыр Жапаровко ал эмне учун убагында оз кезегинде бул акылын колдонбоду экен,кызыгы.
29.03.2022. 10:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
13-05-2015
Соӊку аракети:
28-05-2022 03:19
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тамбей болушунча жалган жалаа менен шыбаптыр го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
191082;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: