Жайыл районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

Жайыл районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 26-март күнү аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жайыл РИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда ал 1958-жылы туулган Н.Л. аттуу жаран экендиги такталып, киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.
Анын негизинде катталган материал Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 1981-жылы туулган Д.П. аттуу адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы окуя мас абалында ортодон чыккан пикир келишпестиктен улам болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан