УКМК эл аралык террордук уюмдун согушкери кармалганын кабарлады

Эл аралык террордук уюмдун согушкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-мартта “Катиба Тавхид ва-Жихад” эл аралык террордук уюмунун Ш.Р. аттуу согушкери кармалды. Ал адам мурда Сирияда диверсиялык, мина жардыргыч заты боюнча машыгуудан өткөн жана террорчулукка каршы коалициянын күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан.

Маалыматта ошондой эле кармалган адам аталган эл аралык террордук уюмдун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Сириядан жанкечти катары теракт жасоо үчүн аймактагы өлкөлөрдүн бирине жөнөтүлгөнү аныкталганы айтылат.

Учурда шектүү УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан