“Түндүк электрдин” кызматкерлери камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Түндүк электр” ААКсынын жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарышып, бул аракеттери менен мамлекетке 39 миллион сомдук зыян келтирилгени аныкталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголгон.
Анын алкагында шектүү катары “Түндүк электр” ААКсынын башкы директорунун мурдагы орун басары Ж.Т.О., Панфилов району боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы Б.Т.О. жана Бишкек шаары боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы С.М.С. кармалган.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.