Чүйдө жол кырсыгынан бир адам каза болуп, 11 жаран жабыркады

Чүйдө жол кырсыгынан бир адам каза болуп, 11 жаран жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-мартта эртең менен Москва районунун Ак-Торпок айылында өлүм менен коштолгон жол кырсыгы катталды. Honda Stepwgn үлгүсүндөгү жеңил унаалар сүзүшүп, анын кесепетинен 11 адам жабыркап, 1 эркек адам жеринен каза тапты.
Кырсык катталган жерге Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордон 5 куткаруучу тартылды.
Алар саат 8:40та жараксыз абалдагы унаага кыпчылып калган Э.Ж. аттуу жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Ал эми жабыркаган адамдар аймактык ооруканага жеткирилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан