IBO версиясы боюнча 2 салмак категориясында Дүйнөнүн экс-чемпиону америкалык Антонио Тарвер бүгүн, 26-ноябрда мекендеши Майк Шеппард менен беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Эл аралык бокс уюму билдирет.
Маалыматка ылайык, АКШнын Флорида штатында 44 жаштагы Антонио Тарвердин катышуусунда өтө турган беттеш рейтингдик беттеш болуп эсептелет.
Эскерте кетсек, Тарвер акыркы беттешин 2012-жылы 2-июнда нигериялык Латифа Кайодеге каршы өткөргөн. Беттеш тең чыгуу менен жыйынтыкталган. Бирок, кийинчерек Тарвердин допинг колдонгону ачыкка чыгып, беттеш жокко чыгарылган. Ага кошумча тиешелүү уюмдар тарабынан 1 жыл рингге чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Бир жылдык тыныгуудан кийин мушкер кайрадан рингге кайтып жатат.
Тарвер профессионалдык рингде 36 беттеш өткөрүп, 29 ирет жеңүүчү аталган. 6 ирет жеңилген. Антонио Тарверге жеңилгендердин ичинде белгилүү мушкер Рой Жонс да бар.