Сокулукта 10 жашар кызды зордуктоого айыпталган адамга сот өкүмү чыкты. Ал Жогорку Соттун расмий сайтына жайгаштырылды.
Маалыматка ылайык, окуя былтыр 2021-жылы 26-июнда болгон. Анда 10 жашар кызды С.Э.Ш. аттуу адам мас абалында зордуктап койгон деп айыпталып кармалган.
Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө ылайык, С.Э.Ш. аттуу жергиликтүү тургун мас абалында кошунасынын 2011-жылы төрөлгөн кызын күч менен үйүнө сүйрөп кирип, ыплас сексуалдык аракеттерди жасаган.
Дайындалган экспертиза жабырлануучунун кыздыгы бузулбагандыгын аныктаган.
Бул иш 17-мартта Сокулук райондук сотунда каралып, сот бардык материалдар менен таанышкандан кийин айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан.