Акылбек Жапаров республикадагы бардык мал базарларды иретке келтирип, асфальт төшөөнү тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттик администрациясынын аппараттык кеңешмесинде республиканын борборундагы жана аймактарындагы мал базарлардын абалын кескин сынга алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кечээ Каракол шаарындагы мал базарга келгендер жиберген видеону көрдүм. Эл ылайды кечип жүрөт, жарандар үчүн жөнөкөй шарттар каралган эмес, бул 2022-жылы КМШнын маданий борбору катары тандалган шаарда болуп жатат. Баарын тазалап, асфальт төшөп жана иштин жыйынтыгын билдирүүгө бир ай убакыт берем. Бул бир эле Караколго эмес, республиканын бардык мал базарларына тиешелүү. Жеке өзүм барып баарын текшерем", - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, ар бир мамлекеттик орган жарандар тарабынан социалдык тармактарда жарыяланып жаткан бардык кайрылууларга реакция кылуусу зарыл.

"Санариптештирүү заманында социалдык тармактар натыйжалуу байланыш куралы болуп калды, бардык мамлекеттик органдар социалдык тармактарда аккаунттарга ээ болуп, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарышы керек. Бул аудитория менен баарлашуунун жана өз ара аракеттенүүнүн ыңгайлуу каналы, аны биз активдүү пайдалануубуз керек", - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, бир жылдан ашык убакыттан бери бардык тармактарда президент баштаган масштабдуу иштер аткарылды.

"Эгемендүүлүктүн тарыхында алгач ирет Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушу башталып, жакынкы арада Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга старт берилет. Каржы ресурстары бар. Финансы министрлиги жакында курулуштун биринчи баскычы үчүн 498 миллион мобилизациялайт. Бул бизге кошумча 1000 МВт берип, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздайт. Мамлекеттик банктардын уставдык капиталы 100 миллион долларга чейин көбөйтүлөт. 126 миллиард сомдон ашык суммага Антикризистик иш-чаралардын Планы иштелип чыгып, бекитилди жана биринчи жолу антикризистик план декларативдүү мүнөздө болбостон, каржылык ресурстар менен бекемделген. Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин: мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият тармагында эмгектенгендердин эмгек акысын ырааты менен жогорулатуу башталат. Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгу тууралуу маалыматтардын бардыгы жарандарыбыз үчүн ачык-айкын, жеткиликтүү болушу үчүн социалдык тармактарда үзгүлтүксүз жарыяланышы керек", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан