Чүйдө уурулук фактысы боюнча издөөдө жүргөн жаран кармалды

Чүйдө уурулук фактысы боюнча издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй ОИИББинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун аймагында мурда бир нече жолу соттолгон 62 жаштагы Х.С. кармалды.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (уурдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде издөөгө жарыяланган.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан