Жалал-Абадда аткезчилик фактысынын бети ачылды. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Ала-Букада малды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар аныкталды.
Белгилүү болгондой, 27-мартта Ала-Бука районунун Ак-Там айылында 9 баш койду Өзбекстанга чек арадан мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылып жаткан жеринен 2 жаран кармалды.
Бул факты боюнча топтолгон материал "аткезчилик" деп катталып, окуяга тиешеси бар адамдардын ким экени такталды.
"Алардын бири Ала-Бука районунун 1979-жылы туулган Ө.У. аттуу тургуну жана 20 жаштагы Н.У. аттуу Өзбек жараны экени аныкталды.
Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө жогоруда аты аталган жарандар мал базардан 9 баш койду жалпы 78 миң сомго сатып алышкандыгы, койлорду Өзбекстандын Илхом аттуу тургунуна өткөрүү үчүн чек арага жакын жерге алып баргандыгы такталды. Учурда бул окуя боюнча тийиштүү адамдар суралып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - дешти маалымат кызматынан.