Бишкекте айдоочу аялдамада турган эне-баланы жана бир кишини сүзүп кетти

Бишкекте жеңил унаанын айдоочусу аялдамада турган адамдарды сүзүп кетти. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, окуя бүгүн, 29-мартта болжол менен саат 10:00 чамасында Чыгыш-5 кичи районунда катталды.

"Анда Ауди унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, аялдамада турган 3 адамды (наристеси бар аялды, эркек кишини) сүздү. Жеринде кайгуул кызматкерлери иш алып барышууда. Ал эми жабыркаган эне-балага "Тез жардам" кызматы чакыртылды. Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө", - дейт маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан