Исманкулов клиниканы бошото элек. Министрлик ага карабастан имаратты оңдоо иштерин баштады

Бишкектеги №2 көп профилдүү клиникалык ооруканада, тагыраагы Исманкуловдун менчик клиникасында оңдоо иштери башталды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

"Исманкуловдун менчик клиникасы жайгашкан имараттын фасады оңдолуп-түзөлөт. Оңдоо иштери 10-15 күндө бүтөт. Учурда курулушчулар тиешелүү шаймандарын орнотушту", - дешет мекемеден.

Министрликтен билдиришкендей, "Исманкулов көз микрохирургиясы" менчик клиникасына буга чейин Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынан ижара келишимин токтотуу боюнча билдирүү жиберилген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ижарачы мамлекеттик органдардын талаптарын аткарбай, имаратты бошотпой келет.

"Исманкуловдун клиникасы жайгашкан оорукананын бул корпусу неврологиялык, терапиялык жана кардиологиялык бейтаптарды кабыл алуу үчүн зарыл. Учурда Бишкек шаарынын калкы үчүн ооруканадагы керебеттер жетишсиз. Бейтаптар профилине ылайык ооруканага жаткыруу үчүн көпкө күтүүгө аргасыз болушууда", - деп кошумчалашты министрликтен.

Белгилей кетсек, 10-мартта Алымкадыр Бейшеналиев көздүн микрохирургиясы клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен телефон аркылуу байланышып, 3 сааттын ичинде клиниканы бошотуп коюуну айткан. Бирок имарат бошотулбаганына байланыштуу клиникага мөөр басылган. Кийинчерээк министр Исманкулов отурган имараттын эшигин ширеттирип салганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан